Жакында Венгрияда да Кыргызстандын элчилиги ачылат
RU

Жакында Венгрияда да Кыргызстандын элчилиги ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-сентябрда Садыр Жапаров "Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигин түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

  • Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;
  • өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3455