Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленип, көзүнө жаш алды (видео)
RU

Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленип, көзүнө жаш алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө жасаган сапарында мейманканалардын биринде ырчы Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленип, көзүнө жаш алды. Актриса андагы эмоциясын чагылдырган видеону өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Урматтуу Нурайым Азыкбаева! Сиздин энергияңыз, аткаруу чеберчилигиңиз, мукам үнүңүз жана ырыңыз, бизди тосуп алган сүйүүңүз, биз үчүн ырдаганыңыз мага терең таасир калтырды. Мага ушундай нерсени сезе билүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн рахмат айтам. Сиз керемет ырчысыз!", - деп жазып калтырган.

Эске салсак, Мерьем Узерли көпчүлүккө "Даңазалуу доор" түрк сериалындагы Хюррем султандын образы менен таанымал. Ал 6-сентябрь күнү Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип кеткен.

Маалымат super.kg порталынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3456