Тазабек Икрамовдун дагы бир сөзгө тили келбей калды
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында, кайрадан узун сөзгө тили келбей кыйналды.
Жыйындын жүрүшүндө парламентарийлер талкуулай турган суроолорду окуп жатып, бир жеринен такалып калды. Икрамов "юриспруденция" деген сөздү окуй албай койду.
Эң кызыгы, Тазабек Икрамов 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун "дене тарбия мугалими" адистигин бүтүргөн, ал эми 2010-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын "юриспруденция" бөлумүнүн бүтурүүчүсү болгон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/3460