Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышат
RU

Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Бек Борбиев парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал NewTV'га берген интервьюсунда айткан.

Борбиевдин айтымында, ырчылыктан башка иш менен алектене турган мезгил келди. "Эл артисти" наамын алгандан кийин саясатка аралашууга даяр экенин билдирди. Анын пикири боюнча, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Бирок, кайсы партияга кошула тургандыгын ачыктаган жок.

"Мен акыркы чечим чыгара элекмин, алгач кайсы партияга кошула турганымды аныкташым керек. 2010-жылы "Бүтүн Кырызстан" партиясынын атынан шайлоого катышкам. Азыр эми элге чын ыкласы менен кызмат кылган партияга кошулуп, мандат үчүн күрөшүүгө даярмын", - деди Борбиев.

Жогорку Кеңешке баргандан кийин маданият маселелерин көтөрүп чыга тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Өткөн жылдан октябрь айындагы шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясын колдогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3473