Талант Мамытовдун бир тууганы мени коркутту. Токтогул ГЭСинин кызматкери пикетке чыкты
RU

Талант Мамытовдун бир тууганы мени коркутту. Токтогул ГЭСинин кызматкери пикетке чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-сентябрда Токтогул ГЭС каскадынын слесары Дөөлөтбек Жамбыканов Ак үйдүн жанына жалгыз пикетке чыкты.

Ал Токтогул ГЭСинин жетекчилиги тарабынан эле эмес, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун бир тууганы, Кара-Көл ШИИБдин кызматкери Руслан Мамытов тарабынан да коркутуулар болгонун айтты.

Слесарь үстүбүздөгү жылдын 3-февралында кесиптештери менен бирге дарактарды кыюуга жиберилген. Ал жерден бутун сындырып алган.

"Жетекчилер тез жардам чакырууну сурансам да, мени унаа менен ооруканага жеткиришкен. Мага бир жыл бою чыгымдарды компенсация менен жабат деп убада беришкен", - деп кошумчалады ал.

Бирок, ооруканада үч ай жаткандан кийин иштеген жеринен эч кандай компенсация берилген эмес. Слесарь чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылганда, жетекчилик аны коркутууга аракет кылган. Жамбыканов прокуратурага арыз жазуу ниети бар экенин билдирген. Ошондо, анын экинчи бутун сындырам деп жетекчилиги коркуткан.

"Кара-Көл ШИИБде иштеген Руслан Мамытов, Талант Мамытовдун бир тууганы мени коркутууга алды. Ал менден прокуратурага арыз жазбашымды талап кылды",-деди слесарь.

Жамбыканов жетекчилик жаракатты өндүрүштөн эмес, үйдөн алган деп көндүрүп жатканын кошумчалады. Ал буга каршылыгын айтып, митингге чыккан. Анткени Кара-Көл шаарынын прокуратурасы анын арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3477