Исхак Масалиев: Катуу кеттиңер жигиттер, жакшылыкка алып келбейт мындай ишиңер
RU

Исхак Масалиев: Катуу кеттиңер жигиттер, жакшылыкка алып келбейт мындай ишиңер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча пикирин билдирди.

"Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, экөөңөргө тең кайрылып жатам, бөрк ал десе баш алган макоолорду токтоткула!

Катуу кеттиңер жигиттер, жакшылыкка алып келбейт мындай ишиңер... Бийлик түбөлүккө берилбейт, эртең да күн болот. Башынан төргө кыйшык отурдуңар. Токтото албасаңар, ээлеген кызматыңарды бошоткула. Эл чыкканда кеч болот... Орозайым Нарматованы, Жеңиш Молдокматовду жана башка ушуга окшогон иштер менен камакта отурган мыкты уул-кыздарыбызды бошотуш керек", - деп саясатчы Facebook баракчасына пост жазган.

"Бөлөк ой жүгүрткөнү үчүн түрмөгө камоо (өзгөчө аялдарды) - алсыздардын жана коркоктордун иши. Кызыгы, Орозайым Нарматова Жапаровдун тарапташы болуп жүрүп (президент Садыр Жапаров - ред. эск) өз кезегинде анын эркиндикке чыгышына далалат кылып келген. Мен кээде анын видеолорун көрүп калчумун. Айрым сөздөрүнө кошулбайм, бирок бөлөк ой жүгүрткөнү үчүн камакка алуу - бул аша чапкандык", - деп Масалиев пикирин билдирди.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, Нарматова эмгек мигранттары жана Кыргызстандын аймагында жашаган жөнөкөй жарандар арасында каршылык көрсөтүү потенциалын жогорулатуу максатында өлкөнүн саясий жетекчилигине карата негизсиз сын пикирин ар дайым айтчу. Нарматованын публикацияларында негативдүү сын пикир, жана КР бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо орун алган.

Орозайым Нарматова Кылмыш кодексинин 313-беренеси 1-бөлүмү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3478