Орозайым Нарматова бошотулгандан кийин байланышка чыкты
RU

Орозайым Нарматова бошотулгандан кийин байланышка чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орозайым Нарматова социалдык тармактарда пост жарыялады. Анын айтымында, баары жакшы, азыр үйдө туугандарынын жанында.

Эске сала кетсек, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Ош аэропортунда кармалган. Ал таң эрте Россияга учмак.

ИИМ Нарматовага каршы регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон деп билдирген.

10-сентябрда аны Бишкекке суракка алып келишкен. Ички иштер министрлиги Нурматованы күбө катары суракка алынып, кайра коё беришти деп беилдирген.

27 жаштагы Орозайым Нарматова Facebook баракчасы аркылуу азыркы бийликти көп сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3481