Бишкекке 210 жаңы автобус келди. Сүрөттөр
RU

Бишкекке 210 жаңы автобус келди. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-сентябрда Ала-Тоо аянтында жаңы автобустар көрсөтүлдү. Мэриянын маалыматы боюнча, бул жолу Бишкекке газ менен иштеген 210 автобус алынып келинген. Алар экологияга зыян келтирбейт.

Презентациядан кийин автобустар каттамдарга жөнөп кеткенин ведомстводон билдиришти.

Эске салсак, шаарды коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн муниципалитет конкурстун алдында аутсорсинг үчүн муниципалдык каттамдарды берүү боюнча чараларды көргөн.

Мерия ушул жылдын аягына чейин Өзбекстандагы "СамАвто" ишканасы чыгарган япон үлгүсүндөгү 350 ISUZU автобустарын алып келүү үчүн "Эко Пассажир Транспорт" менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Келечекте өнөктөш 2022-2023-жылдары түзүлгөн келишимдик мамилелердин негизинде, газ менен иштеген 9, 10, 12 метрлик автобустарды 1000ге чейин көбөйтөт. Бул компания ата мекендик долбоорго өз каражаттарын салган. Мунун артынан миңге жакын адамды жумуш менен камсыз кыла алат.

"Эко Пассажир Транспорт" муниципалдык ташуучу эмес экендигине карабастан, кичи автобустардан айырмаланып, жол киреге 8 сом төлөө боюнча келишим түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3482