Орозайым Нарматованын кармалышы. Акыйкатчы башкы прокурорго кайрылат
RU

Орозайым Нарматованын кармалышы. Акыйкатчы башкы прокурорго кайрылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-сентябрга караган түнү акыйкатчы Токон Мамытов ИИМдин имаратына келип, нөөмөтчүдөн Орозайым Нарматовага карата сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жаткан тергөөчүгө киргизүүнү суранган. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

"ИИМдин нөөмөтчүсү акыйкатчыга телефон аркылуу тергөөчү Улан Зикералиев менен байланышууга мүмкүнчүлүк берди. Ал акыйкатчынын Нарматова менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчүн жетекчилигикке билдирем деп жооп берди. Бул сүйлөшүүдөн кийин тергөөчү акыйкатчынын кийинки чалууларына жооп берген жок ", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондон кийин Мамытов нөөмөттөн жооптуу кызматкерди ИИМдин жетекчилигине чакырууну талап кылган. Бир нече убакыттан кийин полковник Сапарбек Аманкулов акыйкатчыга келип, өзүн ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы деп тааныштырды. Сүйлөшүүдө Мамытов Нарматова менен жолугушууну суранган. Ага жооп катары Аманкулов бир саат мурун Нарматовага карата бардык тергөө иш аракеттери бүтүп, үйүнө коё берилгенин билдирген.

"Андан кийин Мамытов активисттин туугандары жана аны колдоо үчүн келген адамдар менен жолугуп, Орозайымдын коё берилгенин айтты. Нарматованын эжеси жана аны колдоп келген адамдар нааразы болуп, саат 18:00дөн баштап ИИМдин имаратынын жанында экенин жана Орозайым ал жактан кеткен жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин отургандардын бири - Мирлан Нураимов акыйкатчыга Нарматова менен байланышууга жетишкенин билдирген. "ИИМдин кызматкерлери Орозайымды аэропортко алып барышканын айткан. Андан кийин телефон байланышы үзүлдү",- деп билдирди акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Мамытов башкы прокурор Курманкул Зулушевге төмөнкү суроолор менен кайрылмакчы:

  • Нарматованын Ош аэропортунда кармалуу фактысын түшүндүрүү;
  • Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Нарматова күбө катары суракка алынган. Андан кийин аны кармоо жана Бишкекке жеткирүү зарылдыгын жана эмне үчүн аны алгачкы кармалган жерде суракка албагандыгын түшүндүрүү;
  • Орозайымды алгач күнөөлүү деп эсептеп, кайра эмне үчүн күбө катары суракка алынганын түшүндүрүү.

Орозайым Нарматова эң кымбат эки адамынан - апасы менен инисинен алты айдын ичинде ажыраганын эске алганда, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ага карата адамгерчиликти жана гумандуулукту көрсөтүшү керек эле, деп эсептейт Акыйкатчы.

Эске сала кетсек, 10-сентябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Ош аэропортунда кармалган. Ошол күнү ал таң эрте Россияга учмак.

ИИМ Нарматовага өлкө жетекчилигин негизсиз сындап, ошондой эле регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаганы үчүн кармалганын билдирген.

Бирок, аны 10-сентябрда Бишкекке суракка алып келишкен. Ички иштер министрлиги Нарматова күбө катары суракка алынып, кое берилгенин кабарлады.

27 жаштагы Орозайым Нарматова Facebook баракчасы аркылуу азыркы бийликти көп сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3483