Атактуу алып баруучу Алексей Филатов пневмония оорусунан каза болду
RU

Атактуу алып баруучу Алексей Филатов пневмония оорусунан каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атактуу алып баруучу жана шоумен Алексей Филатов каза болду. Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Ассоль Молдокматова жазды.

Эске салсак, 26-августта Филатов инфекциялык ооруканага жеткирилген болчу. Ал пневмония илдетине кабылып, госпитализацияланган. Анын абалы оору деп бааланып, сатурациясы төмөндөп, өпкөсүн инвазивдүү эмес желдетүү аппараты аркылуу дем алып жаткан болчу.

"Алексей ушул жылдын 1-декабрында 33 жашка чыкмак. Коронавирус эч кимди аяган жок. Лёшаны КТРге чакырганымда, ал болгону 15 жашта болчу. Лёшенька, биз сени эч качан унутпайбыз!" - деп Молдокматова жазган.

Kaktus.kg Алексейдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кайрат кылыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3485