Президенттин туугандары кийлигишкендиктен жарым миллиарддык тендер токтотулду
RU

Президенттин туугандары кийлигишкендиктен жарым миллиарддык тендер токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, "Унаа" мекемеси тарабынан жарыяланган эл аралык үлгүдөгү транспорттук каражаттарды каттоого алуу күбөлүктүрүнүн бланктарын даярдоо тендеринин жыйынтыгы жокко чыгарылганын жарыялады.

Тендер 21-июлда жарыяланып, "Гознак" ЖЧКсы жеңүүчү деп аталган. Компания өзүнүн кызматы үчүн 518,5 миллион сунуштаган. Бул бланктардын эки эсеге кымбатташына алып келмек.

Ошол эле учурда, 26-августта, министрлер кабинети, тендер президенттин тапшырмасы менен жокко чыгарылып, "Унаа" ишканасынын ишмердүүлүгү текшериле баштады, анын жыйынтыгы бүгүн, 13-сентябрда чыгат, деп баса белгиледи.

Ошондо маселе эмнеде болуп жатат?

11-сентябрда, Temirov LIVE'дын журналисттери өзүнүн YouTube-каналында президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаевдин тендердик махинациялары тууралуу материал жарыялады. Турусбек Түмөнбаев "Унаа" мамлекеттик мекемесин жетектейт экен. Журналисттердин маалыматына ылайык, 21-июлда мекеме эл аралык үлгүдөгү транспорттук каражаттарды катоого алуу күбөлүктүрүнүн бланктарын сатып алуу боюнча жарым миллиарддык тендер өткөргөн.

Тендерди "Гознак" компаниясы утуп чыгып, анын буюртмасын "Деловая стратегия" фирмасы аткарат. Ал эми ошол фрманы Турусбек Түмөнбаевдин кызы Айгерим Тогузбаева жетектейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3488