COVID-19: 68 жаңы учур катталып, 95и айыгып чыкты
RU

COVID-19: 68 жаңы учур катталып, 95и айыгып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык штаб 13-сентябрда эртең мененки күнгө карата коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.

Айккандар

Бир сутка ичинде пневмонияны эске алуу менен 95 бейтап COVID-19дан айыгып чыкты. Бардыгы - 171 523.

Жаңы катталган учурлар

Акыркы суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы катталган учурлары:

  • Бишкек - ​​31;
  • Ош - 3;
  • Чүй облусу - 15;
  • Ош облусу - 0;
  • Талас облусу - 0;
  • Нарын облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу - 8;
  • Жалал-Абад облусу - 4;
  • Баткен облусу - 3.

Жалпысынан 68 жаңы учур катталды. Бардыгы болуп, 177 226 адам ооруга чалдыккан.

Стационардык дарыланууда 649, амбулатордук дарыланууда 2021 бейтап бар.

Каза болгондор

Бир күндө эки өлүм катталды.

13-сентябрга карата пневмонияны эске алуу менен бардыгын кошкондо 2,574 адам COVID-19дан каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3489