"Милиция менен прокуратура Ош базарынын мафиясын колдойт". Соодагерлер митингге чыкты
RU

"Милиция менен прокуратура Ош базарынын мафиясын колдойт". Соодагерлер митингге чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда Башкы прокуратуранын имаратында соодагерлер "соода мафиясынын" лидерлерин Ош базарынын айланасынан алуу талабы менен митингге чыгышты.

Митингчилер белгилешкендей, бир нече ай мурун Дилором Кодирова менен Дарья Кадыркулованы түрмөгө камашкан. Бирок, алар кайра үй камагына чыгарылган.

"Эми алар өздөрүнө каршы чыккандарды коркутуп, атүгүл бир нече жолу киши өлтүрүү аракеттери болгон. Ал эми полиция менен прокуратура мафияны колдойт. Анткени алардын биринин күйөөсү милицияда иштейт", - дейт алар.

Митингге келген дагы бир аялдын айтымында, аны ачык эле коркутушкан. Ал укук коргоо органдарынан жардам сурап кайрылган: "Прокурор тергөө иштерин жүргүзө баштаганда, иштен алынды. Азыр прокуратурадан бизге кысым көрсөтүп жатышат", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3490