Алексей Филатовдун сөөгү Восток айылынын көрүстөнүнө коюлат
RU

Алексей Филатовдун сөөгү Восток айылынын көрүстөнүнө коюлат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коронавирустун кесепетинен каза болгон Алексей Филатов менен коштошуу борбордун өлүкканасынын жанында өтүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, алып баруучунун сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Восток айылындагы көрүстөнгө жеткирилет. "Мунун баарын мен уюштуруп, жерди өзүм карадым",- деп акыркы сапарга узатууну уюштурууга жардам бергендерге ыраазычылыгын билдирди.

Молдокматова азыр Бакуда (Азербайжан). Өзү Филатовду акыркы сапарга узатууга бара албайт. Эске сала кетсек, 12-сентябрда популярдуу алып баруучу, шоумен Алексей Филатов каза болгону белгилүү болгон. 26-августтан бери ал пневмония менен жугуштуу оорулар ооруканасында жаткан. Анын абалы оор болчу.

Ушул жылдын декабрь айында Алексей Филатов 33 жашка чыкмак.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3491