Бир мандаттуу округдарда депутаттыкка биринчи талапкер белгилүү болду
RU

Бир мандаттуу округдарда депутаттыкка биринчи талапкер белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШК бир мандаттуу округдарга катышуу ниети бар талапкерден биринчи билдирүүнү алды. Документтерди биринчи болуп Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-төрагасы Акылбек Сариев тапшырды.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо No33 Нарын шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.

БШКнын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер 2021-жылдын 18-октябрында саат 18:00дөн кечиктирилбестен тапшырылышы керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3493