Контейнер боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды. Дагы жабырлануучулар барбы?
RU

Контейнер боюнча алдамчылыкка шектүү кармалды. Дагы жабырлануучулар барбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын башында Ак-Суу айылынын тургуну, 28 жаштагы Б.У. аттуу жаран Каракол ШИИБге арыз менен кайрылган. Арыз ээси 40 тонналык үч контейнер алып келүүнү убада кылып жок болуп кеткен Айбекке карата чара көрүүнү суранган. Шектүү 210 миң сомун алып, изин суутуп кеткен.

Жакында укук коргоо кызматкерлери шектүү 34 жаштагы М.Т.ны кармашты. Учурда он факты боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан башка башка да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Каракол шаардык ички иштер башкармалыгы бул шектүүнү дагы кимди ушинтип алдап кеткен болсо милицияга арыз жазып же нөөмөт бөлүмүнө чалууну суранат: 03922 5 13 80, 0708 049 244. Анонимдүүлүк кепилденет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3494