Колледждеги чогулуш учурунда люстра түшүп кеткен. Жабыркагандар бар (сүрөт)
RU

Колледждеги чогулуш учурунда люстра түшүп кеткен. Жабыркагандар бар (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-сентябрда Автожол колледжинин актовый залында элдин үстүнө люстра кулап түштү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына жолугушууга катышкан ата-энелердин бири Өмүрбек Сатаев билдирди.

Ал окуя болжол менен саат 10дордо болгонун айтты.

"Зал толуп, адамдар көп болчу. Жыйын башталгандан 40-45 мүнөттөн кийин люстралар кулап түштү. Бир аял менен бир баланын жабыркаганын көрдүм", - деди окурман.

Сатаев ал жерге тез жардам чакырып, дарыгерлер жардам көрсөткөнүн кошумчалады. "Жабыркаган жигит өзүн жаман сезип, эңкейип калды. Ага тез жардам көрсөтүлдү - деп белгиледи.

Эмне үчүн люстра кулаганы аныкталып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3496