Жаңы окуу жылы. Эмнелерди билүү керек?
RU

Жаңы окуу жылы. Эмнелерди билүү керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-сентябрда Кыргызстандын мектептеринде салтанаттуу линейкалар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.

Анын айтымында бардык билим берүү мекемелеринде окуу жылы салттуу форматта башталат. Ал мектептерди ачуу үчүн эпидемиянын стабилдүүлүгү, мугалимдердин жок дегенде 70% ы коронавирус инфекциясына каршы эмделиши керектигин жана учурда ал шарт дээрлик аткарылып бүткөнүн айтты.

Биринчи конгуроо жөнүндө

"15-сентябрда республиканын бардык мектептеринде биринчи коңгуроо өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги салтанаттуу линейкаларга каршы эмес. Албетте, линейкалар сыртта өтүшү жакшыраак. Аба ырайы начар болсо, график боюнча чоң жыйындар залында өттөт ", - деди министрдин орун басары.

Сабактар 16-сентябрда башталат.

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева линейкага биринчи класстын окуучуларынын ата-энелери катыша алаарын кошумчалады. Бирок, бир жерге топтолуп калбоону суранды.

Мектептеги окуу жөнүндө

Джусупбекованын айтымында ар бир мектеп тазаланып, бөлмөлөр желдетилип туруу керек. Сөзсүз кол жуугучтар болушу керек.

Бардык тарбиячылар ата-энелер менен жакшы иштеши керек. Балдардын температурасы киребериште өлчөнүп, абалы суралып киргизилет. Эгерде мектеп окуучусунун же студенттин абалы начар болсо, доктурга көрүнүп, билим берүү мекемесине барбоо керек.

"Өткөн жылы биз салттуу форматта окууга аракет кылдык. Бирок, бардык жерде керектүү шарттар аткарылбай калган. Андыктан билим берүүдө мүчүлүштүктөр болуп турат. Ар бир билим берүү уюму кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү аныктап, аларды жоюунун үстүндө иштейт", - деди Джусупбекова.

Эмдөө жөнүндө

Эмдөөдөн өтпөгөн мугалимдер тууралуу суроого Билим берүү министрлигинин жетекчисинин орун басары мугалимдер балдарды жакшы көрүшөт жана алар менен мектептерде иштегиси келет деп жооп берди.

"Ошондуктан көрсөтмөсү жокторго эмдөө жүргүзүлдү", - деп кошумчалады ал.

Ата-энелери эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке кабыл алуудан баш тартуу учурлары жөнүндө мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев элге кайрылды. Ал вакцина үй-бүлөнүн ден соолугу, коопсуздугу жана эмдөөнүн эч кандай жаман жери жок экенин айтты.

"Бирок, Билим берүү министрлиги ата-энелери эмдөөдөн өтпөгөн балдарды мектепке алып барбагыла деген талап койгон жок. Биз бардык балдарды кабыл алабыз", - деди ал.

"Мугалимдер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери биздин артыкчылык. Каршы көрсөтмөлөр жоктор эмдөөдөн өтүштү. Ал эми ата-энелер менен иштөө аймактык бийликтин жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн милдети", - деп Джусупбекова кошумчалады.

Мектептерге электрондук каттоо жөнүндө

Джусупбекова 159 миңге жакын 1-класска кирчү окуучулар электрондук түрдө кабыл алынганын айтты. Бишкекте 16 миңден бир аз ашыгы катталган. Бирок, азыр ички миграцияга байланыштуу так айтуу мүмкүн эмес.

"Көптөгөн ата-энелер балдарын жогорку статустуу мектептерге берүүнү каалаганы менен аларга орун жетишпейт. Ошондуктан биз ата-энелерге балдарын жашаган жериндеги мектепке жайгаштырууну сунуштайбыз. Жыл сайын ушундай абалдар боюнча ата-энелер менен иштейбиз. Жылдын башында бир дагы окуучу көчөдө калбайт ", - деди министрдин орун басары.

"Бишкекте 98 мектеп бар. Анда окуучулардын саны толук. Кээ бирлеринде 2-3 эсе жогору",-деп кошумчалады вице-мэр Виктория Мозгачева.

Беткап тагуу керекпи?

Джусупбекова мектепте беткап кийүүгө байланыштуу кеңеш берүүчү мүнөздө экенин айтты.

Эпидемиялык абал азыр туруктуу. Бирок, адамзат бул илдетке биринчи жолу туш болуп жатат. Андыктан, балдар үчүн коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыз кылалы.

Виктория Мозгачева кошумчалагандай, борбордо беткап кийүү милдеттүү. Мүмкүнчүлүк болсо мектептерде кластарга бөлүү иштери жүргүзүлөт. Бирок, негизинен, ар бир класс бир класста окутулат.

Салымдар жөнүндө

"Ыктыярдуу" салымдарга карата, бөлүмдүн башчысы Марат Үсөналиев, мурда мектептерди каржылоо 21-беренени камтыса, бүгүнкү күндө андай нерсе жок экенин айтты.

"Мен ачык сүйлөйм. Баары жакшы мектептерде окугусу келет. Расмий түрдө, мектептин фондуна акча төлөөгө тыюу салынган. Биз колубуздан келишинче жардам бериңиз. Эгерде ата-энелер акча төлөөгө мажбур болсо, укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот", - деп баса белгиледи ал.

Окуу китептери жөнүндө

Окуу китептери менен камсыздоо 73%га жетет. 5-6-класстардын окуу китептери толугу менен жаңыртылды. 7-класска информатика боюнча жаңы окуу китептери киргизилген. Башка бардык окуу куралдары акырындык менен жаңыртылып жатат.

"Бир катар окуу китептери эскирген. 2017-жылы жарактуулардан чыгаруу процессин жүргүзгөнбүз. Эгерде кандайдыр бир жетишсиздик болсо, ата-энелерге бул окуу китептерин сатып алуу керек экенин айтышат. Бишкек аймактык билим берүү борборлору маселени чечүү үчүн китептерди өзүнчө сатып алышат",-деди ал.

Мектепте тамактануу жөнүндө

Башталгыч класстар, мурдагыдай эле, тамактанат. Каражаттар бюджетке киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3497