Айсулуу Тыныбекова ага арналып тартылган дубалдагы сүрөттү көрүп келди
RU

Айсулуу Тыныбекова ага арналып тартылган дубалдагы сүрөттү көрүп келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айсулуу Тыныбекова ага арналып тартылган дубалдагы сүрөттү көрүп келди. Спортчу аны абдан жактырганын айтып, сүрөтчүлөрдүн коммандасына ыраазычылыгын билдирип, бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

"DOXA Art тобуна жана бардык демилгечилерге креативдүү чыгармачылыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем! Белгилүү болуп калган DOXA Art тобунун биздин өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы кооз сүрөттөрүн жаратканын көптөн бери көз салып келем. Штрихтердин тактыгына, түстөрдүн шайкеш келгенине таң калам.

Өлкөбүздө стрит-арттын өнүгүшүнө салым кошконуңар үчүн рахмат. Бул абдан кооз жана шыктандыруучу индустрия!

Дубалдагы сүрөт Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн жанындагы имаратка тартылган. Мага абдан жакты! "- деп Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалдын ээси өзүнүн баракчасына жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3506