Совмин районунда транспорт жетишсиз. Мэрия жаңы каттамдар кошулат деп убадалады
RU

Совмин районунда транспорт жетишсиз. Мэрия жаңы каттамдар кошулат деп убадалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-сентябрда Call-борборуна окурмандан маалымат келип түшкөн.

Анын айтымында, Совмин турак жай массивинде транспорт жетишсиз.

"Биздин аймакка барчу бир гана автобус бар. Аны да ысыкта, суукта кечке күтүп калган күндөр болот. Автобустар абдан эскирип, бузулуп калгандыктан линияга саналуусу гана чыгат. Ал эми бензиндин баасы жогорулагандан бери бизден өйдө жайгашкан районго дээрлик микроавтобустар барбайт. Эскилиги жеткен жалгыз автобус менен гана калышкан", - дейт шаар тургуну.

Ал балдар көбүнчө күтүп берип ооруп калышканын, ал эми карылар акчасын экономдоо үчүн өз жанын аябай акырына чейин күтүшкөнүн кошумчалады.

"Бизден жогорку райондорго кечинде коомдук транспорт жүрбөй калат. Түштүк магистраль менен Байтик Баатыр көчөсүндө окуудан жана жумуштан кийин чарчап, үйгө тезирээк жетүүнү үмүт кылган адамдар чогулуп калышат", - деп жазган.

Бийликтен биздин районго каттоочу кошумча транспортторду кошот жана 46-автобустардын санын көбөйтөт деп үмүттөнөбүз. Жаш балдарды жана карыларды ойлойлу. Алар жарандардын аялуу катмары.

Бул маселе жарыялангандан кийин, бүгүн, 14-сентябрда, Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы жооп берди. Транспорт бөлүмүнүн маалыматы боюнча, шаардыктардын суранычы боюнча 27-маршруттук автобустун жаңы үлгүсү иштелип чыкты. Каттамдар Жаманбаев, Малдыбаев, Байтик баатыр жана "Совминден" Орто-Сай айылына чейин жүрөт. Жаңы каттамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Патрулдук милиция бөлүмү менен макулдашылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3508