Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатына катышат. Акжол Махмудов болсо катышпайт
RU

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатына катышат. Акжол Махмудов болсо катышпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнө чемпионатына кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын командасынын курамы аныкталды. Белгилей кетсек, чемпионат 2-10-октябрда Ослодо (Норвегия) өтөт.

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) билдиргендей кыз-келиндер күрөшүнө Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова менен коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатына катышат.

Бул чемпионатта олимпиаданын катышуучулары Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү), Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Эрназар Акматалиев (эркин күрөш) дагы күчүн көрсөтүшөт.

Бирок грек-рим күрөшү боюнча дагы бир Олимпиаданын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов чемпионатка катышпайт.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев азырынча комментарий бере элек.

Дүйнө чемпионатына бара турчу Кыргызстандын курама командасынын курамы:

Кыз-келиндер күрөшү

  • 62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова;
  • 76 кг чейин - Айпери Медет кызы.

Грек-рим күрөшү

  • 55 кг чейин - Нурмухаммед Абдуллаев;
  • 60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков;
  • 63 кг чейин - Калы Сулайманов;
  • 67 кг чейин - Амантур Исмаилов;
  • 72 кг чейин - Руслан Царев;
  • 77 кг чейин - Кайратбек Түгөлбаев;
  • 82 кг чейин - Калидин Асыкеев;
  • 87 кг чейин - Азат Салидинов;
  • 97 кг чейин - Бексултан Махмудов;
  • 130 кг чейин - Роман Ким.

Эркин күрөш

  • 57 кг чейин - Алмаз Сманбеков;
  • 61 кг чейин - Улукбек Жолдошбеков;
  • 65 кг чейин - Алибек Осмонов;
  • 70 кг чейин - Эрназар Акматалиев;
  • 74 кг чейин - Эламан Догдурбек уулу;
  • 79 кг чейин - Саякбай Усупов;
  • 86 кг чейин - Арсалаң Будажапов.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3511