Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлдү
RU

Акылбек Жапаровду отставкага кетирүү демилгеси көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизнесмен Эмил Ашымбаев экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун отставкасы боюнча петиция демилгеледи. Ашымбаевдин пикири боюнча, Жапаровдун демилгелери "бизнес жүргүзүүдө татаалдашууга алып келет, калктын мойнуна оор финансылык жүктү жүктөйт жана өлкөдөгү коррупциялык кырдаалды күчөтөт" деп эсептейт.

Белгилей кетсек, бул Эмил Ашымбаевдин Акылбек Жапаровду сындаган биринчи посту эмес.

Ашымбаев Жапаровдун: "Саясатта - ишеним, деген сыяктуу категоряларга орун жок, өзгөчө мамлекет башчылары менен болгон мамиледе. Аларга адам эмес, функция керек" деген сөзүн эске салды. Ал Экономика жана Каржы министри өзү "каталарды кетирген жана эскирип калган функция" деп эсептейт.

"Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабагандар, сапаттуу жана позитивдүү экономикалык өзгөрүүлөр жана өлкөнүн прогрессивдүү экономикалык өсүшүн каалагандар, учурдагы экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун отставкага кетүүсүнө кол коюңуздар", - деп чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3512