Бишкекте жана региондордо көмүр канча турат? Баалар
RU

Бишкекте жана региондордо көмүр канча турат? Баалар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек менен региондордо көмүрдүн баасы айырмаланат. Баалар жолго кеткен чыгымдарга байланыштуу. Бул тууралуу Антимонополдук көзөмолдөө агенттигинин өкүлү Сыргак Оморов айтып берди.

Бишкекте жергиликтүү көмүр 4 000 - 4 100 сом турса, Кара-Жыра менен Шабыркүл 4 500 сомдон.

Региондордогу көмүрдүн баасы:

  • Ош - 2 000-6 500 сом (жергиликтүү);
  • Жалал-Абад - 2 500-6 500 сом (жергиликтүү);
  • Баткен облусу - 6 500-7 000 сом (Сүлүктү);
  • Каракол - 5 500 сом (жергиликтүү), 5 900 сом (Шабыркүл, Кара-Жыра);
  • Талас - 4 800-5 800 сом (жергиликтүү).

Нарын облусу боюнча так маалымат жок. Бирок, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик мекемесинин директорунун буга чейин берген маалыматы боюнча, кен казылган жерден алып кетсе, көмүрдүн баасы 1 330 сомго айланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3514