Владимир Путин Душанбедеги саммитке катышпайт
RU

Владимир Путин Душанбедеги саммитке катышпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин айланасындагы адамдардан коронавирус аныкталганына байланыштуу обочолонуп иштөө режимине өттү. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында кабарланды. Анда президенттин коронавирусту аныктоочу тест тапшырганы боюнча маалымат жок.

Буга чейин Путин паралимпиадачы-спортчулар менен жолугушуу учурунда карантинге кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин "образдуу түрдө айтканын" билдирген.

Владимир Путин Тажикстандын борбору Душанбеде өтчү ЖККУ менен ШКУнун саммиттерине барбай турганы белгилүү болду. Ал жыйындарга онлайн катышат.

69 жаштагы Владимир Путин жазында Россия өндүргөн "Спутник V" вакцинасы менен эмделгени белгилүү. Ал былтыр коронавирустан улам бир нече ай аралыктан иштеп, коомдук иш-чараларга катышкан эмес.

Эске салсак, 16-17-сентябрда Душанбеде эки олуттуу иш чара өтөт. Аларга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3520