Курсан Асанов кармалды. Бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө
RU

Курсан Асанов кармалды. Бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин мурунку жетекчиси Курсан Асанов кайрадан камакка алынды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына анын адвокаты Чынара Джакупбекова тастыктады.

Адвокаттын айтымында, Курсан Асанов КРдин Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу аракетин көрүү" беренеси боюнча айыпталууда.

Эске салсак, буга чейин ал КРдин Жазык кодексинин "Имаратты жана курулуштарды басып алуу" беренеси боюнча айыпталган.

Кеп, 2020-жылдагы октябрь окуялары учурундагы ИИМдин имаратын басып алуу жөнүндө болуп жатат. 2021-жылдын январь айында ал кармалып, Бишкектин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген болчу. Бирок кийин үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3524