Интернетте атылган тоо текенин сүрөттөрү пайда болду. Аңчлылык кайда болгонун түшүндүрүштү
RU

Интернетте атылган тоо текенин сүрөттөрү пайда болду. Аңчлылык кайда болгонун түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик мерген Лукас Погу Инстаграм баракчасында Кыргызстандан атылган тоо текенин сүрөттөрүн бөлүшкөн. Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде бул сүрөттөр нааразычылык жаратты.

Лукас Погунун билдирүүлөрүнөн аңчылык сентябрдын башында Ысык-Көл облусунда болгонун көрүүгө болот. Ал жарыялаган постторунда Ысык-Көл облусунун "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсынын мергенчилик чарбасын белгилеген.

Компания Kaktus.media сайтына бул аңчылык атайын уюштурулганын тастыктады. Мекеменин өкүлүнүн айтымында, бул мыйзамдуу аңчылык.

Аңчылык августтун экинчи ишембисинен декабрдын биринчи жекшембисине чейин созулат. Мамлекеттик экология жана климат комитети мергенчилик чарбасын жөнгө салуу боюнча белгилүү бир жаш категориядагы жаныбарларды атууга лицензия берет.

Чет элдиктер үчүн бул тур 4-13-сентябрь аралыгында "Тур-Хан-Тенгри" ЖЧКсынын аңчылык чарбасынын аймагында өттү. Беш мергенчи катышып, аларга беш тоо теке атууга лицензия берилди. Аңчылык Мамлекеттик комитеттин өкүлүнүн көзөмөлү астында өткөн. Бул күндөрдүн аралыгында 10-13 жашка чейинки жаныбарлар атылды. Компания өкүлүнүн айтымында, алар абдан кары жаныбарлар болуп эсептелинет.

Компаниянын өкүлү аларды мыйзамсыз түрдө жаныбарларды аткандар менен чаташтырбоону суранды.

"Аңчылык бардык эрежелерге жана документтерге ылайык жүргүзүлөт. Бизди браконьерлер менен чаташтырбагыла", - деди компаниянын өкүлү.

Лукас Погу мындан башка үч чоң текенин мүйүздөрүнүн сүрөттөрү менен да бөлүшкөн. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, бул олжонун мүйүздөрү эмес.

"Булар жырткычтардын кол салуусунан же өз өлүмү менен өлгөн жаныбарлардын мүйүздөрү. Аткандан кийин мүйүз дароо кесилбейт", - деп билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тоо текесине аңчылык кылууга тыюу салынган эмес. Бирок, аны мамлекеттик органдар жөнгө салуусу керек.

2019-жылы депутаттар 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык аймагында жаныбарлардын беш түрүнө: аркар, теке, элик, марал жана камандарга атууга мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан. Бирок, көбү сунушталган мыйзам долбоорун колдогон эмес. Андыктан жаныбарлардын жогоруда тизмектелген түрлөрүнө дагы деле уруксат берилген. Экологдор белгилегендей, бул мыйзамсыз аңчылыкка жол ачышы мүмкүн. Чынында документтерде көрсөтүлгөндөн көп жаныбарлар атылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3530