Күндүн сүрөтү: Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевге свиданиеге барат
RU

Күндүн сүрөтү: Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевге свиданиеге барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

17-сентябрда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн 65-жаш юбилейин белгилейт. Учурда ал соттун чечими менен №47-түзөтүүчү колонияда бир нече кылмыш иши боюнча жазасын тартууда.

Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин депутаты жана Атамбаевдин көптөн берки тарапташы мурунку президент менен жолуга тургандыгын социалдык баракчасына жазган.

Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, белекке торт, кремдер жыйнагын, президенттин рамкага салынган сүрөтүн жана гитараны берет.

"Урматтуу достор! Экс-президентибиздин тагдыры үчүн санааркап жаткандардан куттуктоолоруңарды жана саламдарыңарды айта барам. Мынакей, белектерди (гитара үчүн Деним Колючийге ыраазычылык) алып, свиданиеге камындым. №47-түзөтүү колониясына анын кабылдамасына барганга караганда көбүрөөк келчү болдум. Биз туруштук беребиз, чындык акыры жеңет!" - деп жазган.

Эске салсак, Атамбаев ыр жазып, гитара чертет. Бир эки альбом да жаздырып жетишкен. Анын эң атактуу ыры "Судьбе назло" деп аталат.

Андан тышкары "Форум" имаратынын жанында Атамбаевдин туулган күнүнө карата митинг өтө турганы белгилүү болду. Анын кызы Алия Шагиева атасынын 65-жаш мааракесине арнап, Ала-Тоо аянтында көркөм сүрөт карышылык акциясын өткөрүүнү пландап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3538