Ахматбек Келдибеков: Тергөөдө түшкө кирбеген түшүнүксүз суроолор болду
RU

Ахматбек Келдибеков: Тергөөдө түшкө кирбеген түшүнүксүз суроолор болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

15-сентябрда экс-депутат Ахматбек Келдибеков Ички иштер министрлигине суракка чакырылды.

Сурактан чыккандан кийин, тергөө учурунда түшкө да кирбеген түшүнүксүз суроолор берилгенин айтты. Бирок, ал иштин чоо-жайын ачыктаган жок.

"Мен тергөөнүн сырын сактоо боюнча документке кол койгом", - деп түшүндүрдү Келдибеков.

Аны менен бирге сурактан чыккан Исмаил Исаков кырдаалды алдыдагы шайлоо менен байланыштырды. Ал саясатчыларга, сөз эркиндигине кысым бар экенин, элди коркутуп жатканын айтты.

"Мунун баары коркутуу же башка коммандага кирбегиле, алдыда боло турган шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн", - деди Исаков.

Президенттин атына кат жазган адам, бүгүн өзүнүн сөзүн кайра артка алып жатат, деп ал баса белгиледи.

"Бул жерде ар бир адамды "ак үйдө" отуруп, "көк үйдө" отуруп кайсы жерде бурмалап жазып койсо, камап, жок кылганга бүгун мүмкүнчүлүк чыгып калды, бул өтө коркунучтуу", - деп Исаков сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3543