Балбак Түлөбаев маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча: Авамды уят кылып жатасыңар
RU

Балбак Түлөбаев маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча: Авамды уят кылып жатасыңар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Авамды уят кылып жатасыңар. Ой койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай", - деп мурнку мэр Балбак Түлөбаев Маданият ишмерлеринин Садыр Жапаровго кайрылуусу боюнча комментарий берди.

Түлөбаев мындай аракеттердин ордуна өлкөдө маданият чөйрөсүн көтөрүүнү сунуштады. "Мындай идеяны ойлоп тапкан жана сунуштаган акылыңызга бали. Ой элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай атсак. Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн!. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен, ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле. ", - деп кошумчалаган ал.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетте маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу тараган. Анда Чүй облусунун мурдагы губернатору жана Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов, депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, экс-министр Курсан Асанов, экс-депутаттар Жылдызкан Жолдошова, Исмаил Исаков жана 2020-жылкы шайлоого Чоң Казат партиясынан талапкер Азамат Мусакеев бийликти кулатуу үчүн 17-сентябрда, Атамбаевдин туулган күнүндө карата 100 миң адамды көчөгө алып чыгуу ниетинде экенин айтып, митингдердин өтүшүнө жол бербөөнү суранышкан.

Кечээ, 15-сентябрда тизмедегилерди көбү суракка чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3550