Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу тууралуу сөз кылды
RU

Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуу тууралуу сөз кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясында Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал белгилегендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыңалуу дагы эле сакталып турат.

"Кыргыз Республикасы, тынч, ачык жана демократиялуу мамлекет. Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тартып эле коңшу өлкөлөргө жана дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге карата ырааттуу, достук, жакшы коңшулук жана тең салмактуу саясатты жүргүзүп келген жана жүргүзө берет. Өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык, саясий жана дипломатиялык жол менен сүйлөшүү столунда гана чечүү зарыл деген позициясы азыр да өзгөрүүсүз бойдон калган ", - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент региондогу абалды эске алып, ЖККУга мүчө бир мамлекет башка мамлекетке каршы куралдуу агрессия болгон учурда Уюмдун ичинде ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3552