"Кумтөр" иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
RU

"Кумтөр" иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу "Кумтөр" кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнү улантууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөө иштеринин жыйынтыгына жана далилдерге таянып, тергөө 2021-жылдын 16-сентябрында мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевди камакка алуу чечимин кабыл алган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жоомарт Оторбаев өкмөт башчысы болуп турган учурда Кумтөр кенинин генералдык планына экологиялык экспертиза жасалып жатканда, Айлана чөйрөнү сактоо жана токой чарбасы агенттигине кысым көрсөткөнү тергөө аныктаган.

Суу кодексинин жана "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, чет элдик "Кумтөр Голд Компани" (Centerra Gold Inc.) компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, буйрук кабыл алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн бузулушуна макулдугун берген.

Жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Оторбаевге карата бөгөт чарасын тандоо маселесин карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3563