Күндүн сүрөтү: стадионго канча киши чогулганын карагылачы! Кокус митинг чыгып кетсе
RU

Күндүн сүрөтү: стадионго канча киши чогулганын карагылачы! Кокус митинг чыгып кетсе

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрь, Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көп сандаган адамдар чогулушту (болжол менен 500-600 киши). Айрымдары ДНД (ыктярдуу топ) деген жилеттерди кийип алган.

Стадиондо машыгууларды өткөрүүгө тыюу салынган. Шаардыктарга кирүүгө болбойт.

Бул жерге эки автобус келген. Уюштуруучлардын бири сөз алып, сүйлөп жатат. Анын айтымында, бул жакка келгендер өлкөдө баш аламандыктар же мародерлук башталса, чара көрүү үчүн чогултулду.

Тез арада чогула калган активисттерге ыраазычылык билдирип, кечкиге чейин бардыгы тамак-аш менен камсыздалат деп убада берди. Мындай чогулуш ким тараптан каржыланып жаткандыгы айтылган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3566