Темирлан Султанбеков ИИМге сурак берүүгө чакыртылды
RU

Темирлан Султанбеков ИИМге сурак берүүгө чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Социал-демократтар" партиясынын лидери, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына суракка чакыртылды.

Бул маалыматты саясатчы өзү тастыктады. ИИМге эмне себептен чакыртылганын айткан жок.

Эске салсак, учурда коомчулук арасында эки кылмыш иши талкууланууда - "Кумтөр" боюнча жана бийликти басып алуу коркунучу тууралуу. Биринчи ишти УКМК алып барууда, экинчи боюнча ИИМ иш жүргүзүп жатат.

Бийликти күч колдонуп басып алуу кылмыш ишинин алкагында бир нече адам айыпталууда: Туйгуналу Абдраимов, Курсан Асанов, Алмазбек Атамбаев ж.б. Иштин негизинде Курсан Асанов жана Алмаз Сарыбаев камакка алынды. Саясатчылардан Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев ж.б. сурак беришти.

Социалдык тармакта ИИМдин экс жетекчисинин орун басары Курсан Асанов менен "АКБ "Толубай" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Сарыбаев имиш эки адамдын сүйлөшүүсүнүн аудио жаздыруусу тарап, ошонун негизинде ИИМ шек санаганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3570