Атамбаевдин мурунку кайын энеси: Бир гана таза президент - Алмаз
RU

Атамбаевдин мурунку кайын энеси: Бир гана таза президент - Алмаз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрда, Кой-Таш айылындагы Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында тарапташтары туулган күнүн белгилешти.

Чогулгандардын алдына 86 жаштагы Гүласал Тенизбаева - Атамбаевдин мурунку кайын энеси (биринчи аялынын апасы) чыгып сүйлөдү. Анын айтымында Алмаздын эч кандай күнөөсү жок.

"Азиз Батукаев чыныгы мырза болсо, эртелби-кечпи Кыргызстанга келип, Атамбаевден кечирим сурайт. Анын үй бүлөсүнө жана өзүнө тийгизген залакасы үчүн", - деди Теңизбаева.

Досту ант урат, куданы бата урат! Сооронбай Жээнбековду ант урсун, убагы келгенде убалына жетет.

"Инаугурация учурунда Жээнбеков Атамбаевди эч качан унутпайм, деп айткан, унутсам мени кудайды унутту дей бергиле деген. Мына эми кудай алдында жооп берет", - деди ал.

2020-жылдын июнь айында Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберди деп айыпталып, 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын ноябрь айында Жогорку сот соттук чечимди жокко чыгарып, кайра карап чыгууга жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3573