Кичинекей баланын көзү кан жалап калган. Телефон жарылганбы?
RU

Кичинекей баланын көзү кан жалап калган. Телефон жарылганбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет-мессенджерде кичинекей баланын көзү кан жалап калган тирукмуш видео тараган. Видеого түшүндүрмө берилген, анда, энеси баласын эишкке чыгаргысы келбей, ойной турсун деп телефонун берген экен, телефон кичинекей баланын колунан жарылыптыр.

Бул окуя кечээ, 10-январда, шайлоо күнү, Орловкада, саат 11:30да болгонун түшүндүрмө берип бир аял айтат.

"Баланын кан тамырлары жарылып, көзү агып түшүп калыптыр. Тез жардам келгиче энеси жинди болуп калайын деди. Балдарыңарга телефон бербегилечи сураныч", - деп ал кошумчалаган.

Чүй облусу боюнча Саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова мындай окуя Орловкада болгон эмес, деп Kaktus.media'нын редакциясына билдирди. "Бул жалган маалымат. Бизде мындай окуя болгон эмес. Мен Орловкага да, Кеминге да, башка жерге да чалдым. Мындай бала эч бир ооруканага алынып келинбептир, тез жардам ооруканага алып барган эмес. Балким, башка региондо болгондур?", - деп таратылып жаткан видеого комментарий берди.

Kaktus.media эткалык себептерден улам видеонун өзүн жарыя кылбайт. Редакция бул окуя кайсы жерде болгонун жана чынында эмне болгонун биле алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/357