Райымбек Матраимов Акжол Махмудовго Бишкектен батир белек кылды
RU

Райымбек Матраимов Акжол Махмудовго Бишкектен батир белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Матраимовдордун үй-бүлөлүк фонду Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовго Бишкектен үч бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу фонддун социалдык тармактардагы баракчаларында жазылды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-сентябрда, Ош шаарында спортчуларды сыйлоо аземи болуп, ага ЖКнын депутаты Шайлообек Атазов (Матраимовдордун үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта) жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов катышкан.

Атазов өз сөзүндө "Исмаил-Ата" фондунун президенти Райымбек Исмаилович Бишкектеги элиталык батирди белек кылды",-деди .

Матраимовдордун фонду

"Исмаил-Ата" - Кыргызстанда саясий жактан таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фонду. Иликтөөчү журналисттер фонд Кыргызстандан миллиондогон акчаларды алганын далилдешкен. 2014-2019-жылдары Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду 1,4 миллион доллар кайрымдуулукка жумшаган. Бирок, анын жарымы кайдан келгендиги белгисиз.

Райымбек Матраимов

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК бажы кызматынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду кармаган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирилген зыянын 2 млрд сом деп тапкан. Буга жооп катары Матраимов кызматташууга жана көрсөтүлгөн сумманы кайтарып берүүгө макул болгон. Бул арыз менен Матраимов мамлекетке зыян келтиргенин жана коррупция менен алектенгенин мойнуна алды.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, коррупция үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, бирок, Матраимов айып пул менен кутулган.

АКШ бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөрткөнү белгилүү болгон. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова болуп калышты.

15-апрелде Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгондон кийин, АКШ элчилиги активдерин токтотууну убада берип, "көңүлү калганын" жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3582