"Манас" аэропортунун парковкасында турган унаа жарылды (видео)
RU

"Манас" аэропортунун парковкасында турган унаа жарылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" аэропортунун акысыз токтотуучу жайында турган унаа жарылды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күбө болгондор билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн түнү, "Манас" аэропортунун тушундагы акысыз токтотуучу жайда белгисиз себептерден улам машине жарылды.

Чүй облусунун ОИИБси бул маалыматты тастыктады. Алар билдиргендей, айдоочу унаасын от алдырып жаткан учурда, капоттун асты түтөй баштаган, андан кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Айдоочу салондон чыгып жетишти. Жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3587