Атамбаевдин иши. Равшан Жээнбековду сотко алып келишти (видео)
RU

Атамбаевдин иши. Равшан Жээнбековду сотко алып келишти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтөт.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков учурда сотко жеткирилди. Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын аппарат башчысы Фарид Ниязов да келээри айтылууда.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-апрелинде төрагалык кылуучу Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Буга байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3598