УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча экс-депутат Кубанычбек Нурматов камакка алынды
RU

УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча экс-депутат Кубанычбек Нурматов камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК берген маалыматка ылайык, өзгөчө ири өлчөмдө көптөгөн алдамчылык фактыларынын негизинде Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" партиясынан мурунку депутат Кубанычбек Нурматов камакка алынды.

Тергөөнүн жүрүшүндө экс-депутаттын алдамчылык иш аракеттерге тиешеси бар экенин далилдеген фактылар аныкталган.

2013-жылы, Нурматов КРдин Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезде алдамчылык менен $500 миңге бааланган кыймылсыз мүлктү басып алган.

2021-жылдын сентябрында, алдамчылыкка шектелген мурунку депутат камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын СИЗОсуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3602