Эксперттер: Атамбаевдин ден соолугу начарлап кетиши мүмкүн
RU

Эксперттер: Атамбаевдин ден соолугу начарлап кетиши мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Сот залында судья Медеров Атамбаевге экспертиза дайындалгандыктан, ишти кароо жылдырылганын айтты.

"Өткөн жумада мен 16 барактан турган эксперттик корутундуну алып, процессти кайра баштоону чечтим",- деди судья.

Ал экспертизаны окуп берди. Анда Атамбаевдеги оорулардын тизмеси соттук отурумдарга келүүгө уруксат бергени көрсөтүлгөн. Бирок, стресстин жана кардиологиялык жактан ден соолугунун начарлашынын ыктымалдуулугу бар экенин эксперттер талаша албайт.

"Атамбаев адистештирилген ооруканадагы текшерүүдөн өтүүдөн баш тартты. Бизде экспертиза жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок", - деп судья Медеров окуп берди.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-апрелинде төрагалык кылуучу Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Буга байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3603