Курманбек Бакиевдин карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты
RU

Курманбек Бакиевдин карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин Алмаш Бакиева деген карындашы атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыкты. Бул тууралуу түрк ЖМКлары жазды.

Белгилей кетсек, Алмаш Бакиева Түркияда жашаган Адылбек Бакиевдин кызы. Үлпөт тою 17-сентябрда Анкара шаарында өттү.

Жигиттин аты Ильтериш Эргун, ал İYİ партиясындагы депутат Метин Эргундун уулу.

Тойго Анкаранын мэри Мансур Яваш, İYİ партиясынын төрагасы Мераль Акшнер, Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемаль Кылычдароглу ж.б. келишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3612