Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
RU

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 11-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенттик шайлоосундагы жеңиши менен куттуктап телефон чалды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Мирзиёев Садыр Жапаровду ишенимдүү жеңиши жана өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кыргызстандагы олуттуу саясий иш чаралар өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө жакшы пайдубал болуп берээрине ишенгенин билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Өзбекстандын президентине рахмат айтып, коронавирустун пандемиясы менен күрөшүүдө Өзбекстандын көп улуттуу эли көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө мындан аркы эки тараптуу кызматташуу, достукту арттыруу жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүу тууралуу сөз жүрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/361