Зулушев менен Жеенчороевдин айтышуусунан кийин Ташиев депутатка телефон чалды
RU

Зулушев менен Жеенчороевдин айтышуусунан кийин Ташиев депутатка телефон чалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 21-сентябрда, парламенттик комитеттин жыйынында Баш прокурор Курманкул Зулушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев кайым айтыша кетишти.

Пикир келишпестиктин себеби, президенттин Жазык кодекси боюнча каршы пикирлери болду.

Талаш-тартыш учурунда сөз УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге да тийди. Жеенчороевдин айтымында Зулушев Ташиевге телефон чалып, Мирланга бир нерсе таап берүүсүн суранган.

Кийин Жеенчороев Kaktus.media редакциясына берген маалыматына караганда, ага УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев телефон чалып, экөө сүйлөшүшкөн.

"Ташиев менен сүйлөшкөндөн кийин түшүнүшпөй калган маселелер такталды, жана комитетте айтылган маалымат так эмес жана ушак экени аныкталды", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3626