Валентина Шевченко UFC чемпиону менен спаринг өткөрдү. Видео
RU

Валентина Шевченко UFC чемпиону менен спаринг өткөрдү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аралаш мушташтын мушкери Валентина Шевченко Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) учурдагы чемпиондук курдун ээси Брендон Морено менен бирге машыгышты. Видеосу YouTube'га чыккан.

Бир нече жылдан бери UFC'нин эң жеңил дивизионундо чемпион наамын коргоп келген 33-жаштагы Валентина менен Морено бирин-бири муштап көрүштү. Экөө тең шлем кийип жүрдү.

Lenta.ru берген маалыматка ылйык, Шевченко өзүнүн титулун коргоп, америкалык Лорен Мерфи менен беттешет. Беттеш 25-сентябрда Лас-Вегаста өтөт.

2021-жылдын апрель айында Шевченко бразилиялык Джессика Андраде менен беттешип, бешинчи ирет чемпиондук титулун коргогон.

Шевченко баш аягы 21 беттештен жеңүүчу болуп чыкса, үч ирет утулуп калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3628