Жээнбеков менен Зулпукаров эмне үчүн парламенттин уруксатысыз кармалганын түшүндүрүштү
RU

Жээнбеков менен Зулпукаров эмне үчүн парламенттин уруксатысыз кармалганын түшүндүрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокурор Курманкул Зулушев депутаттарга Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун эмне үчүн парламенттин уруксатысыз кармалганын түшүндүрдү.

22-сентябрдагы жыйында депутат Евгения Строкова Конституцияда эч нерсе түп тамырынан өзгөрбөгөнүн белгиледи.

"Эмнеге биздин кесиптештерибиз биздин уруксатсыз камакка алынды?" деп сурады ал.

Мурун өзгөчө оор кылмыш жасалганда депутатка каршы кылмыш иши козголушу мүмкүн болчу, азыр ишти каттоого оор кылмыш жетиштүү, деп Зулушев белгиледи.

"Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров шектүү катары камакта. Кылмыш кодексине ылайык, парламенттин уруксаты айып тагылган учурда керек", - деди башкы прокурор.

Эске сала кетсек, Зулпукаров менен Жээнбеков "Кумтөр" ишине тиешеси бар делип кармалган. Алар 30-сентябрга чейин камакта болушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3634