Катар жана Сауд Аравия мамлекеттеринин делегациясы бир нече социалдык институттарды ачты
RU

Катар жана Сауд Аравия мамлекеттеринин делегациясы бир нече социалдык институттарды ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 15-сентябрынан 18-сентябрына чейин "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин чакыруусу боюнча Кувейт, Катар жана Сауд Аравия мамлекеттеринин делегациясы Кыргызстанда болушту. Делегация бир нече социалдык маанилүү институттарды ачты:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна беш кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү;
  • Чүй облусунун Токмок шаарындагы аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө социалдык шаарча;
  • Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы аз камсыз болгон 104 үй-бүлөгө социалдык шаарча;
  • Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында 84 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык шаарча;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Бирдик айылында 300 окуучуга ылайыкталган "АМАНАТ" билим берүү мекемеси;
  • Чүй облусунун Токмок шаарындагы 300 окуучуга ылайыкталган "АМАНАТ-ТОКМОК" билим берүү мекемеси;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрьское айылына орто мектеп;
  • Токмок шаарындагы №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде майыптар үчүн 80 орундуу жатакана;
  • Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Бирдик айылындагы Фельдшер акушердик пункту (ФАП);
  • Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Араван айылында 250 орундуу тигүү фабрикасы.

Эске сала кетсек, 2015-жылдан бери "Ас-Сафа Борбору" коомдук уюму республика боюнча муктаж болгон жесирлерге жана жалгыз бой энелерге жалпы 684 үч бөлмөлүү үй курган. Ассоциация калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, керектүү жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган медициналык, билим берүү жана социалдык мекемелерди куруу менен да алектенет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3643