Бишкектин мэри болуп Русланбек Акылбековдун ордуна Талайбек Орозов дайындалды
RU

Бишкектин мэри болуп Русланбек Акылбековдун ордуна Талайбек Орозов дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин буйругу менен башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу Русланбек Акылбеков транспорт боюнча вице-мэр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Дагы бир буйрук менен санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп Талайбек Орозов дайындалды.

Белгилүү болгондой, Орозов "Инфоком" мамлекеттик мекемесин, "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешин жетектеген. 2021-жылы эки ай өкмөткө караштуу Санариптик өнүгүү мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон.

Орозов 1974-жылы төрөлгөн. Адистиги боюнча - инженер механик, андан тышкары жүргүнчү жана жүк ташуучу автотранспорттун кызматын сертификациялоо боюнча эксперт. Кыргыз техника университетин аяктаган.

Жаңы вие-мэрдин резюмеси - тиркелген файлда.

Тиркелген файлдар
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3647