Парламенттик шайлоо. Кээ бир аял депутаттар шайлоого барбайт
RU

Парламенттик шайлоо. Кээ бир аял депутаттар шайлоого барбайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-ноябрда бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу өтөт. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

23-сентябрдын эртең мененки убактысына карата 21 талапкер өздөрүнүн талапкерлигин койду. Алардын баары эркектер.

Kaktus.media азыркы аял депутаттардан эмне үчүн шайлоого катышпай турганын билүүнү чечти.

Көпчүлүгү дагы деле сүйлөшүүлөр жүруп, ойлонуп жатканын айтышты. Демек бир бүтүмгө келе элек.

Бурун Аманова азырынча белгисиз экенин, бирок партиялар чакырып жатканын белгиледи. Аманованын айтымында, бир мандаттуу округдан - Кадамжайдан көрсөтүлгүсү келет.

"Бирок, биздин менталитет аялдардын өз алдынча шайлоого аттануусу кыйын экенин көрсөтүп турат", - деп кошумчалады депутат.

Рада Туманбаева шайлоого партия менен барарын айтты, бирок атын атоодон баш тартты.

Ирина Карамушкина партиянынын адамымын деп жооп берди. Эгер партия көрсөтсө анда болот. Эгер жок десе, анда жок.

"Кийинки чакырылышка кысым алдында иштөө кыйын болот, депутаттар унчукпай калышат, чындыкты айтуудан же сындагандан коркушат. Ал жерде күрөшө тургандар болуш керек", - деп баса белгиледи ал.

Айсулуу Мамашова - эгер көрсөтүлсө, анда партиянын тизмесинде гана.

"Бир мандаттуу округдарда аялдардын мүмкүнчүлүгү аз. Тилекке каршы, эркектер аялдарды колдобойт. Ал эле эмес, аялдар да аялдарды колдобойт", - деди ал.

Депутаттыкка барбайм деп чечкендери да бар. Алардын бири Айгерим Бешимбаева.

"Жөн эле баргым келбейт" деп кыска жооп берди ал.

Динара Исаева да шайлоого катышпай эле коюуну чечкен. Анын айтымында, Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндө бардык милдеттенмелерин жана убадаларын аткарды.

"Эми биз балдар жана неберелер менен алектенишибиз керек", - деди депутат.

Евгения Строкова дагы өзүн көрсөтпөй турганын жарыялады.

"Мен азырынча барбайм." Кактус" тынчсызданбай эле койсо болот , - деп жазган ал мессенджерде.

Эмнеге редакция буга кубанат деп ойлойсуз деген суроого ал: "силер жазган жаңылыктарга караганда" деп жооп берди жана биздин редакцияга ийгилик каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3650