Бишкекте үй күйүп кетти. Өрткө шектүү адам видеого түшүп калган (видео)
RU

Бишкекте үй күйүп кетти. Өрткө шектүү адам видеого түшүп калган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, Ростовский көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Kaktus.mediaге үйдүн ээси билдирди.

Үйдүн ээси таанышы эле атайылап өрттөөшү мүмкүн экенин ырастоодо.

"Биздин үй батыш автобекеттин артында жайгашкан. Бул атайылап жасалган өрт деп эсептейм. Анткени видеодогу шектүү адам кармалды. Биз аны бир топ убакытка биз менен чогуу жашаган досубузга окшоштурдук". - деди үйдүн ээси.

Үйдүн аймагына орнотулган камералар, бир жигиттин терезеден кантип секиргенин тарткан.

"Мен жеке ишкерлик менен алектенем, жигиттерди жүктөгүч катары жалдайм. Ал эми бул жигит мага башка достордун сунушу менен жумушка орношуу үчүн эки-үч күн мурун келген. Анын жашай турган жери жок экенин билип, биздин оңдолуп жаткан үйгө жашап турууну сунуштагам. Кийинчерээк ал бизден алыстап, жок боло баштады. Жумушка да келбей, байланышка чыкпай калды. Ал бизди колдонуп жатканын түшүнгөндөн соң, аны кууп чыктым. Кечээ мен жумушка саат 23:00дө кеттим, камерада анын үйгө кантип кирип кеткени тартылган. Балким кимдир бирөө бул жигитти тааныса мага кайрылып койгулачы", - деди ал.

Жабырлануучулар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3654