Данияр Үсөнов уулун үлпөт тоюн Түркиядан өткөрдү (видео, сүрөт)
RU

Данияр Үсөнов уулун үлпөт тоюн Түркиядан өткөрдү (видео, сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2010-жылдан бери чет өлкөдө жүргөн чиновниктердин бири – Данияр Үсөнов Түркиядагы "Чыраган Сарай" аттуу өтө кымбат баалуу ресторандардын биринде Урмат аттуу уулунун үлпөт тоюн өткөргөндүгү белгилүү болду. Мындай маалыматты bagyt.kg басылмасы жазды.

Такталбаган маалыматтар боюнча Урмат аттуу уулу Бишкектеги "Монгол", "My Shisha", "Social Coffee" кафе, барларына ээлик кылат. Материалдар ошо жерде тойго күбө болгондордон алынды.

Эске салсак, Данияр Үсөнов - Кыргызстандын мурунку премьер-министри. Ал 2010-жылы апрель окуяларынан кийин өлкодөн качып кеткен. 2013-жылы ага кызматынан кыянатчылык менен пайдалнганы үчүн 15-жыл эркинен ажыратуу боюнча соттун чечими чыккан. Учурда Беларусияда Данияр Үсөнөвго өтө окшош Даниил Урицкий деген бизнесмен жашайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3656